Бүгүн Бишкекте өткөрүлгөн рейдде айнектери караңгылатылган унаалардын айдоочуларынын көбү мамлекеттик кызматтарды ээлегендер болуп чыкты.
Рейд “Тонировка” деген аталышта болгондуктан, жол-кайгуул кызматкерлери айнектери караңгылатылган жана мамлекеттик номурлары жок унааларды текшерүүгө алышты. 2 сааттын ичинде эле жалпы 20дан ашуун айнектери караңгылатылган унаа текшерүүгө алынды. Анын ичинен 5-6 айдоочунун гана тиешелүү документи болуп, калгандарыныкы мөөнөтү өткөн (уруксат кагаздары менен жүргөнү белгилүү болду). Аларга 2 миң сомдон айып пул салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Баса белгилеп айта кетчү жагдай, айнеги караңгылатылган унаалардын көбү Лексус 470 үлгүсүндөгү унаалар болсо, калгандары деле баа жагынан кем калбайт (арзан баадагы унаалардын айнектери караңгылатылганын байкаган жокпуз).
Алардын басымдуу бөлүгү УКМКнын же ага тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери экен. Фотоаппарат, камера көтөрүнгөн журналисттерди көргөн айрым айдоочулар МАИчинин токтоого белги бергенине карабастан, качып кетүүгө да үлгүрүштү.
Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдиргендей, жыл башынан бери уруксат кагазы жок айнектерин караңгылатуу боюнча 516 протокол түзүлсө, 4 күндүк рейддин алкагында 76 протокол түзүлгөн.