Бүгүн, 19-февралда Бишкектин Пушкин менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага белгисиз адамдар сымап төгүп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ӨКМга бул боюнча билдирүү саат 16:30 чамаларда “102” жана “185” нөөмөт номурларына келип түшкөн. Учурда сымап төгүлгөн жерге ӨКМнын жана ИИМдин ыкчам топтору чыгып ишин аткарууда. Сымаптын көлөмү канча экени такталууда.