Бишкек мэрлигине талапкер Албек Ибраимов бүгүн, 19-февралда кыргыз тили боюнча сынактан өттү. Ибраимов программасын оозеки жана жазуу түрүндө баяндап берип, "Манас" эпосунан үзүндү окуду. Талапкерден сынак алган атайын комиссия ага "кыргыз тилин билет" деген баа берди. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов талапкерге кайрылып, шаардагы түрдүү тилде жазылып жаткан көрнөк-жарнактарды иретке келтирүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, Бишкекти буга чейин башкарып келген Кубанычбек Кулматов 9-февралда өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп Айгүл Рыскулова дайындалган. Шаар башчысы 27-февралда шайланат.
Ибраимовду шаар башчылыгына Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы сунуштады.