15-16-февраль күндөрү Нарын облусунун аймагында “Селсаяк” операциясы жүрүп, Ысык-Көлдө кулчулукта 10 жыл жүрүп Нарынга качып келген Урмат аттуу жигит кармалган. Анын Чүйдөгү балдар үйүндө чоңойгону айтылып келген. Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, ал учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Ал милиция кызматкерлерине ишенбей жатканын, өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын айткан.
Учурда анын абалы жакшы экени жана акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алганы айтылат кабарда.