Анкарадагы жардыруудан каза болгондордун жаназасына кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да катышышты (фото)

Бүгүн, 19-февралда Түркиянын борбору Анкаранын борбордук Кожатепе мечитинде 17-февралда жардыруудан каза болгон аскерлердин жаназасына кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да катышышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Анкарадагы Кыргыз Республикасынын Достук жана маданият коомунун башкы катчысы Адилет Абишов билдирди.

"Жаназа бүгүн жума намаздан кийин окулду. Ага Түркиянын миңдеген аскер адамдары жана шаар тургундары, өлкөнүн премьер-министри Ахмет Давутоглу жана бир катар өкмөт өкүлдөрү катышышты. Кыргыз Республикасынын достук жана маданият коомунун өкүлдөрү да биргеликте сый көрсөтүү катары жаназа намазына барышты",- деди Адилет Абишов.

Шаардын коопсуздук көзөмөлү күчөтүлүп, полиция кызматкерлери тарабынан жарандар текшерилип жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zahovic
2016-02-20 02:30:42
Жайлары жаннаттан болсун оомиийин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан