Өкмөт башчы Нарын эли менен жолугушуп, өкмөттүн алдында абдан көп чакырыктар турганын айтты

Бүгүн, 19-февралда өкмөт башчы Темир Сариев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын районундагы Кара-Жылга кыштоосундагы малчылардан кабар алып, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Сариев бийик тоолуу аймактарда жашаган адамдардын жашоо шартын жеңилдетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, мамлекеттик бийлик органдарына жер-жерлерден аймактар менен тыгыз иштешүү тапшырылганын билдирди. "Өкмөттүн негизги милдети - элдин жашоосун оңдоп, мамлекеттик органдарды тартипке салып, кубаттуулукту жана мамлекеттүүлүктү чыңдоо. Ал үчүн тартип жана биримдик керек. Учурда аймактардагы тургундардын жашоосун жеңилдетип, татыктуу эмгектенишине шарт түзүү боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат",- деди Темир Сариев.

Сариев жергиликтүү эл менен жолугушууда өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлор тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу быйыл толугу менен бүткөрүлөт жана Түштүк-Түндүк кошумча жолу 2017-жылы аяктамакчы. Ошондой эле быйыл Кара-Кечеде жылуулук борборун куруу боюнча тендер өткөрүү пландалып жатканын маалымдады. "2016-жылга абдан амбициялуу пландар бар. Дүйнөлүк кризис уланып жаткан шарттарда бул пландарды аткаруу үчүн баарыбыз бирге аракет кылышыбыз керек. Алдыбызда абдан көп чакырыктар турат. Чакырыкка жооп берүү үчүн мыйзамды жана тартипти так сактообуз керек. Аткаруу бийлигине карата тартипке салуу боюнча талаптар күчтүү",- деди ал.

Ошондой эле ал аймак үчүн маанилүү болгон маселелерге токтолуп, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга жеңилдиктер боюнча мыйзам долбоордун айланасында маалыматтын жетишсиздигинен улам талкуулар жаралганын белгиледи. "Деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогору тургандар үчүн эч кандай маселе болбойт. Жеңилдикти алып салуу боюнча сөз болушу мүмкүн эмес, бирок бул жааттагы айрым маселелерди тартипке келтирип, адилеттүүлүктү алып келүү үчүн мыйзам долбоору абдан кылдат каралып чыгышы керек",- деди Темир Сариев.

Электр энергиясына тарифтер жакын арада кымбаттабай турганын билдирип, бирок тургундарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кара-Жылга кыштоосунун тургундары кыштоону район борбору менен байланыштыруучу жолду оңдоо, жайыттарды бөлүштүрүүдөгү түшүнбөстүктөрдү жоюу боюнча маселелерди көтөрдү. Премьер-министр аталган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма бергенин өкмөттөн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан