КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 19-февралда Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте студенттер менен жолугушууда мыйзамсыз акча чогултууну токтотуу керектигин айтты. Ал жаңы өкмөт курамын түзүү учурунда студенттердин стипендиясын көтөрүү, стипендия менен ата-энеси жокторду да камсыз кылуу боюнча өкмөткө тапшырма берилгенин билдирди. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Турсунбеков студенттерди юрист, экономист сыяктуу адистиктерден сырткары атайын кесипке да ээ болууга чакырганын кабарлады.
Студенттерди Бишкек шаарынын мэрлик кызматка келчү кишиден баштап, депутаттын балдары кайсы окуу жайдан билим алышканын, мыйзамсыз акча чогултуулар, жатакананын жетишсиздиги, саясаттагы мунасага келүү боюнча сунуштар, суроолор, пикирлер кызыктырды.
Турсунбеков балдары Бишкекте эле билим алганын айтып, аталган университеттин жатаканалары боюнча көйгөйдү колго аларын убадалады. Андан сырткары учурда КУУда билим алып жаткан эки (ата-энеси жок) студенттин стипендиясын чечип бермей болду.
Андан кийин студенттер депутаттан акын катары ыр окуп берүүсүн өтүнүштү. Акын ал өтүнүчтү аткарды.