Кыргыз мамлекетинде автоунааларды каттоо, кайра каттоодо алынчу 5 жана 1 пайыздык төлөмдөр боюнча 2016-жылдын 22-февралынан тарта жаңы тарифтер иштеп баштайт.
"Дүйнөлүк рынокто 2016-жылдын башындагы кыйын экономикалык кырдаалды жана көптөгөн автоунаалардын бааларынын 30-40 пайызга арзандаганын эске алуу менен тарифтик торчону өзгөрттү. Жалпысынан тарифтер төмөндөдү. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин белгилешинче, көбүнчө 2005 жана андан ылдыйкы жылдары чыгарылган унаалар каттоо, кайра каттоодон өтүшөт. Ошондуктан ушул жылдары чыккан унааларды каттоо баалары эки эсе арзандады",- деп айтылат Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында.
Унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, тибине, өндүргөн өлкөсүнө жана базардагы орточо баасына карап пайыздык тарифтик торчо түзүлөт. Буга чейин чет мамлекеттен келген автоунааларга 5 пайыздык салык төлөнсө, кыргыз өлкөсүндө катталган (кайра каттоодо) автоунааларга 1 пайыздык төлөм иштеп келген.
2015-жылдын 21-январынан бери иштеп келген тарифтер эки күндөн кийин күчүн жоготот.