Темир Сариев Балыкчыда жоокерлердин октон жаракат алышына аскердик бөлүктүн офицердик курамын сындады

Премьер-министр Темир Сариев 19-февралда жоокерлер куралдан жаракат алган №20636-аскер бөлүгүндө болду. Коргоо иштери боюнча улуттук комитеттин башчысы Марат Кенжисариевдин билдиришинче, жоокерлердин бири курал менен машыгуу маалында бутуна октон жаракат алса, ушул эле бөлүктүн башка жоокери Мурат уулу Дастандын куралды туура эмес колдонушунан улам башына ок тийген. Ал 19-февралда саат 10:50дө каза болгон.

Өкмөт башчы фактыны дыкат иликтеп, тийиштүү чечимдерди кабыл алууга чакырды. Бул окуялар офицердик курамдын ишинин жетишсиздигин көрсөтөрүн белгиледи.

Окуя боюнча Балыкчы шаардык аскер гарнизону кылмыш ишин козгоп, кызматтык иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан