Автоунаалардын мамлекеттик номурларына керектүү материалдарды жана жабдууларды сатып алууну баалоо процедурасы аяктады.
Мамлекеттик каттоо кызматы жарыялаган тендерге бир компания: орусиялык "Типография №2" компаниясы катышканы маалымдалды. 17-февралда тендердик комиссия сынактык билдирмелерди баалоону аяктап, комиссия чечими боюнча протоколго кол коюлду. Жеңүүчү болуп аталган компания табылды.
Керектүү материалдарды жана жабдууларды сатып алууга 2 миллион 847 230 сом каралган. Жеңүүчү компания бул ишти 1 миллион 928 873 сомго бүтүрүүнү сунуштоодо. Мындан улам автоунаа номурларынын баасын төмөндөтүү пландалып жатканын 20-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Сынактык документтер көз карандысыз аудиттик компанияга берилди. Анын корутундусу чыккандан кийин "Типография №2" компаниясы менен келишим түзүлөрү айтылды.