"Аскерлердин күжүрмөн даярдыгын күчөтүү керек". Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Балыкчы шаарында өткөн Куралдуу күчтөрдүн резервдик түзүмдөрүнүн аскердик машыгуусунда айтканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Премьер-министр учурда негизги милдет аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл буруу менен татыктуу деңгээлде кармоо зарылдыгын белгиледи. Темир Сариев Куралдуу күчтөрдүн резервдик түзүмдөрүнүн аскердик машыгууларын өткөрүп туруунун маанилүүлүгүнө, Башкы штаб менен Коргоо боюнча мамлекеттик комитет аскердик даярдыкты көтөрүп, тартипке өтө маани бериши зарыл экенине токтолду.
"Балыкчыдагы аскер бөлүгүндөгү окуялардын орун алышы бул жаатта олуттуу маселелер бар экенин көргөзүүдө. Мындай окуялар үчүн офицердик курам жооп бериши керек",- деди Темир Сариев.