Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта Бишкектин Кронштадтская; Логвиненко, Серов, Баялинов, Курганская, Панфилов, Тоголок Молдо; Салиева, Комсомольская; Фирсов, Карагачевая, Элебесов көчөлөрүндө, Гульчинская, Арал көчөлөрүндө; Чоң Чүй каналынан тарта Васильев көчөсүнө чейинки Элебесов көчөсүндө; Тоголок Молдо көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин Чоң Чүй каналынын жээгинде; Көк-Жар кичи районундагы №1/1, 4, 5,19-үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт.
Мындан тышкары 3-кичи районундагы №10, 11, 14-19-көп кабаттуу үйлөрдө, Улан кичи районунда “КГУ” бөлүштүрүүчү пунктунда оңдоо иштери жүргүзүлөт; №853, 1011, 491, 28, 886, 552, 94-трансформаторлоруна башкы эсептөө приборлору орнотулат; №2955-трансформаторунан тараган 6 киловольт аба электр чубалгыларынын тирөөчтөрү түздөлөт; №810-трансформаторуна капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт; №3499, 520-трансформаторлорунан тараган 0,4 киловольт аба электр чубалгылары оңдолот; №646-трансформаторунан тараган 0,4 киловольт аба электр чубалгылар өзүн изоляциялаган зымдарды колдонуу менен реконструкцияланат (оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурашы ыктымал).