Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Мурас-Ордо конушунда мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Чүй облусунун Степное айылындагы "Келечек" мектебине барып окушат. Мындан улам алар үчүн атайын транспорт уюштурулду. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мурас-Ордо конушунда жашаган 160тан ашуун бала "Келечек" мектебинде окуйт, аларды мектепке мугалимдер жеткиришет. "Райондук билим берүү борбору жергиликтүү башкармалык менен биргеликте күн сайын балдардын мектепке жеткирилишин көзөмөлдөп турат. Окуу жылынын башынан бери Биринчи Май районунун администрациясы "Келечек" мектебин китептер менен камсыздап, материалдык-техникалык базасын жакшыртууда. 2015-жылы райондук бюджеттен мектепке 834,7 миң сом бөлүнгөн. 2016-жылы болсо 1 943 миң сом каралган",- деп айтылат маалыматта.