Кечээ, 21-февралда Кыргыз Республикасынын "Достук жана маданият" коомунун Анкара өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раим Салимов жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Анкарада эмгектенип жана окуп жүргөн мекендештерибиз менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган коомдун башкы катчысы Адилет Абишов билдирди.
"Жолугушууда учурдагы дүйнөдө жана Кыргыз Республикасындагы терроризмге каршы болуп жаткан иш-чаралар туурасында мекендештерге маалымат берилди. Ошондой эле Салимов Сирияга жихадга жөнөп жаткандардын көпчүлүк бөлүгү Түркия аркылуу кетип жатканын белгилеп, андай туура эмес иштерден алыс болууга чакырып өттү. Согушка кетип жаткандар интернет аркылуу ар кандай
видеочакырыктарга азгырылып жатканын баса белгиледи. Анкарада жүргөн бардык мекендештерге андай иштерге азгырылбастан, туура жолдо жүрүү керектигин эске салып, бардык күмөн саналган учурда ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы жана элчилик менен байланышка чыгуусун айтып өттү. Жолугушуунун аягында мекендештердин ар кандай суроолоруна жооп берилип, диаспоранын жасап жаткан иштери менен таанышып чыгышты",- дейт Абишов.
Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары мындан ары диаспора менен тыгыз байланышта болуу ниети бар экенин кошумчалаган.