Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Түштүк Кореяга иш сапары менен кетти. Ал жактан тийиштүү өкүлдөр менен IT технология тармагына инвестиция тартуу жана биометрикалык технологияларды жайылтуу жолдорун талкуулай турганы айтылды. Түштүк Кореяда 4 күн жүрүп, Korea International Cooperation Agency (KOICA), Кореянын экспорттук-импорттук банкынын жетекчилиги жана IT технология жаатында аталган өлкөнүн алдынкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрө турганын бүгүн, 22-февралда Мамкаттоо кызматынан билдиришти.