"Алтын-Кен" ишканасында иш таштоо аяктады. Жетекчилик кызматкерлердин талаптарын укту

"Алтын-Кен" кенинде иш таштоо аяктады. Бул тууралуу "Кыргыз алтын" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-20-февраль күндөрү "Алтын-Кендин" кызматкерлери айлык акыны 15 пайызга төмөндөтүү жөнүндө буйрукту жокко чыгарууну жана эмгек акысын 30 пайызга жогорулатууну талап кылышкан. "Кыргыз алтындын" башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков алар менен жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада "Кыргыз алтындын" жетекчилиги кытай тарап менен айлык акыны 15 пайызга төмөндөтүү жөнүндө буйрукту жокко чыгарып, аны мыйзамсыз деп табуу боюнча чечимди кабыл алды. Ал эми эмгек акысын 30 пайызга көбөйтүү боюнча маселе ишканада иш жүргүзүлүп, негизги киреше табыла баштаганда каралмакчы болду. Учурда "Алтын-Кенде" абал туруктуу. Ишкана адаттагыдай иштеп жатат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан