Өлкөнүн кайсы облусунда арык бөбөктөр көп экени белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта айтылат. Белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунда жашаган балдар салмагы жагынан эң арык болуп чыкты. Өзгөчө 6 жашка чейинки ар бир онунчу бөбөк салмак кошууга муктаж. Андан кийин Ош жана Чүй облусунда арык балдар көп. Ал эми салмагы нормага жакын балдар Талас облусунда. Бул жерде мектепке чейинки 100 баланын үчөөсү гана арык экени аныкталган.
Ал эми Бишкекте бөбөктөрдүн 3,1 пайызы арык делсе, өлкө боюнча алганда жалпы балдардын 7 пайызы салмак кошууга муктаж экени белгилүү болгон. Алардын арасында кыздар басымдуулук кылат.