Жалал-Абадда үйүнөн катуу сабалып Бишкекке качып келген Назбийке учурда Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна караштуу жатаканада баш калкалоодо. Жабырлануучу бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына билдиргендей, бир бөлмөдө 4 адам жашап жатат.
"Төртөөбүз бир бөлмөдө турабыз. Экөө үй-жайсыз аял, бирөө зомбулук көргөн балдар менен иштешкен дарыгер экен. Тамак-аш менен камсыздап жатышат. Ал эми Жалал-Абадда мени классташ кыздарым аркылуу жамандатышууда. Мен тууралуу "акыркы кездери жүрүм-туруму начарлап кеткен" деп айтып жатышат. Атамдын мажбурлоосу менен ресторанда ырдап акча тапчумун. Акырында "ырдабайм" деп каршы болгонум үчүн уруш чыккан",- дейт Назбийке.