Тажикстандагы Согди облусу менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Ички иштер башкармалыктары кичи футбол боюнча оюн өткөрүштү

Тажик Республикасынын Согди облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Шерали Назаровдун демилгеси менен эки элдин ортосундагы достукту жана биримдикти сактоо боюнча Худжанд шаарында кичи футбол боюнча оюн өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Оюнга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бир команда катышты. Алгач эки элди достукка, ынтымакка чакырган сөздөр айтылды. Оюн Тажик Республикасынын Худжанд шаарынын спорт сарайында болуп, эки элдин ортосундагы достугу жеңди.

Эки күч кызматынын жетекчилеринин макулдашуусунун негизинде мындан ары ушундай спорттук
иш-чаралар бир эле милиция кызматкерлеринин ортосунда эмес, Тажик Республикасы менен чектеш аймактарда жашаган айыл жаштары, жергиликтүү жетекчилер, айыл аймактарынын арасында да үзгүлтүксүз уланып турмакчы болду.

"Спорт - бул ден соолуктун булагы, спортко болгон мамиле кылмыштуулуктун алдын алат, ар бир инсандын дени сак болушун каалайм",- деди Баткен ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Ашым Тагаев.

Эске сала кетсек, буга чейин эки өлкөнүн ички иштер органдарынын жетекчилери байма-бай жолугушуп, эки тараптуу келишимдердин негизинде эки тараптуу кызматташтыкты колго алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан