Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн башчылары менен өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев 22-февралда күч түзүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме өткөрүп, Куралдуу күчтөрдү реформалоо, аскердик түзүмдөрдү бекемдөө, армияны модернизациялоо чаралары тууралуу маалымат укту. Күч түзүмдөрүнүн башчылары өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө, укук тартиби жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо иштери боюнча айтып беришти.

Президент жыйындын катышуучулары менен аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо жаатындагы мындан аркы пландар, аларды турак жайлуу кылуу жолдорун талкуулады. Күч түзүмүндө иштегендерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө мамлекет тийиштүү кадамдарды жасай турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан