Президент УКМКнын бир катар кызматкерлерин сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бир катар кызматкерлерин Эрдик медалы жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады. Сыйлык "өлкөнүн улуттук коопсуздугуна салым кошкону үчүн" деп берилгенин президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет жетекчиси УКМКнын кызматкерлерине ыраазычылык айтып: "Силер өмүрүңөрдү тобокелге салуу менен өзүңөрдүн аскердик жана кызматтык милдетиңерди татыктуу аткарып жатасыңар. Кыргыз мамлекетинин улуттук коопсуздугун камсыздоого жеке салымыңарды кошуп жатасыңар. Бүгүнкү мамлекеттик сыйлык - силердин таза эмгегиңердин жыйынтыгы. Кыргыз өлкөсүндө силердей жарандар бар экенине сыймыктанам",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан