Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 22-февралда Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 8-июлундагы №941-токтому менен бекитилген улутташтырылган объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүү киргизүү демилгеси каралып, комитет мүчөлөрү тарабынан колдоо тапты.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, 2010-жылы улутташтырылган Ысык-Көлдөгү "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан 11,029 гектар жерди 5 объектиси менен кошо менчикке сатыла турган мамлекеттик мүлктүн тизмесинен чыгарып, аны Улуттук олимпиада комитетинин карамагына берүү демилгеси көтөрүлүүдө.