Акыйкатчы Кубат Оторбаев журналист Турат Акимовго кол салуу фактысын Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү бөлүмүнө кылдаттык менен ар тараптуу иликтөөгө тапшырма берди.
"Кыргыз Республикасынын “Журналисттин профессионалдык ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, сынга алган материалды жарыкка чыгаргандыгы үчүн журналистти куугунтукка алууга жол берилбейт. Оторбаев журналист Акимовго кол салуу фактысын иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алды",- деп билдирди аталган институттун маалымат кызматы.
20-февралга караган түнү журналист Турат Акимовду үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Журналист бул иштин артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турарын айтууда. Бул ишти президент Алмазбек Атамбаев да жеке көзөмөлүнө алган.