Өкмөттүн резервдик фондунан Балыкчы шаарында кырсыктан каза болгон катардагы аскер Мурат уулу Дастандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүндү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 22-февралда өкмөттөн кабарлашты.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 18-февралында Балыкчы шаарында жайгашкан №20636-аскердик бөлүктө эки кырсык катталган. Жоокерлердин бири бутунан жаракат алса, экинчи аскер башынан жаракат алган. Башына ок тийген жоокер эртеси каза тапкан.