Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы курамы бекитилди (тизме)

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 19-февралда өткөн республиканын судьяларынын кезектеги 10-Курултайында башка маанилүү маселелер менен бирге Судьялар кеңешинин жаңы курамы ачык добуш менен бекитилди. 15 судьядан турган Судьялар кеңешинин жаңы курамы өздөрүнүн биринчи жыйналышын өткөрүшүп, кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлашты. Судьялар кеңешинин төрагасы болуп Жогорку Соттун судьясы Канатбек Турганбеков, ал эми төраганын орун басарлыгына Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрайымы Гүлжан Есеналиева шайланды.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы курамы:

1) Канатбек Турганбеков, Судьялар кеңешинин төрагасы, Жогорку Соттун судьясы;

2) Гүлжан Есеналиева, Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрайымы;

3) Жамалкан Исакова, Жогорку Соттун судьясы;

4) Кыдык Жунушпаев, Чүй облустук сотунун төрагасы;

5) Сооронбай Карабаев, Баткен облустук сотунун төрагасы;

6) Абылай Мухамеджанов, Жогорку Соттун судьясы;

7) Чолпон Осмонова, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы;

8) Ирина Воронцова, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу;

9) Абдрасул Шамшиев, Ош облустук сотунун төрагасы;

10) Жолборс Кудаяров, Ош шаардык сотунун судьясы;

11) Мухамед Алаев, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары;

12) Токтосун уулу Каныбек, Талас облустук сотунун судьясы;

13) Алдаярбек Абдыбеков, Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу;

14) Таалайбек Даркинбаев, Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун төрагасы;

15) Нурланбек Ашымбеков, Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан