Таласта Манас айылынын тургундары бир нече талаптар менен чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысейитов SUPER.KG порталына кабарлады.
"Жергиликтүү тургундар саат 14:30 чамасында Манас айылынын Маданият үйүнө чогулушуп, айыл өкмөтү менен жолугушту. Алар "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүнү токтотуу, электр энергиясын 700 кВаттан көп жаккандар үчүн баасын жогорулатпоо талаптары менен чогулушкан. Ошондой эле төө буурчактын баасынын төмөндөшүнө нааразы экенин билдиришти. 10 күндүн ичинде талаптарды өкмөткө жеткирүүнү суранышып, тарап кетишти",- дейт Абдысейитов.
Жергиликтүү тургундун билдиргени боюнча, чогулгандар турак жайларды жана унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу мыйзамды жокко чыгарууну да талап кылышкан.
Эске сала кетсек, ушуга окшогон талаптар менен Нарын жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары да митингге чыгышкан.