Аймактарда жаштар үчүн кесип тандоого багыт берүүчү тренингдер өтүүдө

Бүгүн, 22-февралда Улуттук тажрыйба топтоо программасынын алкагында Чүй облусунун Панфилов районунун жатак-мектебинде жаштар үчүн тренингдер өтүүдө. Ага жалпы билим берүү уюмдарынын 35 окуучусу катышып жатат. 3 күндүк мастер-класстын алкагында балдар таасирдүү байланыш, менеджмент, чечендик өнөр, эмгек укугу тууралуу жана башка нерселерди үйрөнүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кесип тандоого багыт берүүчү тренингдерди атайын адистер өткөрүшүүдө. Иш-чаранын негизги максаты - өнүгүп келе жаткан мекемелердин жаш кызматчыларынын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү, эмгек мыйзамдарын жана негизи эле жумушка орношуу тууралуу маалымдоо.

"Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, жаштарда жумушка орношуу боюнча көйгөйлүү маселе бар. Жаштар үчүн тажрыйба топтоо программасы бардык тармактарда бүтүрүүчүлөрдүн кадрдык күч-кубатын жогорулатууга түрткү берет жана мамлекетти өнүктүрүүдө да таасири чоң",- деп айтылат маалыматта.

Жашоо-турмуш ыкмалары боюнча тренингдер – республиканын бардык аймактарын камтыган, тажрыйба топтоо программасын ишке ашыруунун биринчи этабы. Кийинки профориентациялык тренингдер Чүй облусунун Кемин районунда 25-февралдан баштап 27-февралга чейин, 29-февралдан баштап 3-мартка чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан