Ички иштер министрлигинин "22 жаштагы Урмат убактылуу кармоочу жайда бир күн да кармалган эмес" деген билдирүүсү чындыкка жатпайт. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгү 22 жаштагы жигиттин кулчулукта кармалганы тууралуу окуянын болгон жерине барып таанышып келди. Мындан тышкары Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Урмат аттуу жигит менен жолугуп келишти.
"Урмат менен пикир алышуу учурунда анын кулчулукта болгону такталган жок. Анын сөзү боюнча, 2014-жылдын июнунан 2015-жылдын октябрына чейин Тоң районундагы Ак-Сай айылында Доку аттуу кишиде иштеп, иштегени үчүн 6 миң сом жана бир эчкинин этин алган. 2015-жылдын октябрынан 2016-жылдын 10-январына чейин Каракол шаарында Руслан аттуу адамдын үйүндө иштеген. Ал жакта 1 ай иштеп, жакын арада эле тааныш болгон Саяк, Нурбек деген балдар менен Нарынга иш издеп кетишкен. Ал жерден Нарын облустук укук коргоочу органынын “Селсаяк” операциясынын негизинде кармалган",- деп айтылат маалыматта.
Урматтын сөзү боюнча, ал Сыркөз аттуу адамды билбегени маалым болду. Ал адегенде өзүнүн дос балдарынын басымы астында укук коргоочу органдын кызматкерлерин адаштыруучу көрсөтмө берген.
"Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын "22 жаштагы Урмат убактылуу кармоочу жайда бир күн да кармалган эмес" деген билдирүүсү чындыкка жатпагандыгын белгилеп кетүү зарыл. Урмат биринчи кармалган күнү, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери келгенге чейин эле Тоң райондук ИИБинин убактылуу жайында кармалган. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери келгенден кийин Урматты Тоң райондук ИИБинин мейманканасына убактылуу жайгаштырган. Анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык",- деп билдирет Акыйкатчы институту.
Пикир алышуу учурунда 22 жаштагы Урматка Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан моралдык, юридикалык жардам көрсөтүлгөнү да айтылды. Мындан ары укук коргоочулар ага паспорт жана ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алууга жардам бермекчи.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан Урматтын кылмышка катышы бардыгы же жоктугу такталып жатат. Бардык окуялар такталгандан кийин укук коргоочу органынын кызматкерлери аны бошотмокчу.
Бул окуя акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүндө турганы да баса белгиленди.