Ош шаарында жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын журналист айымдарынын арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Оштун мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, командаларга ийгиликтерди каалады. “Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү башка аймактык кесиптештерине караганда өздөрүнүн ынтымактыгы, биримдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп келишет. Бүгүнкү оюнда да сергек жашоо үлгүсүн калк арасында пропагандалоо менен башка кесиптештерди тынчтыкка, биримдикке, достукка үндөй аласыздар”,- деди Кадырбаев.
Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык 3 партиядан ойнолуп, жеңүүчүлөр командалык тартипте аныкталды. Оюнда алдынкы орунду ээлеген жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Мелдеш күйөрман болуп келген журналист мырзаларга патриоттук сезим, майрамдык маанай тартуулоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулду.
Айта кетсек, 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата аймактагы журналист мырзалар арасында футбол өткөрүлүп, ага кабарчы айымдар күйөрман катары чакырылмакчы.