Депутаттар салык кызматкерлеринин 50 пайызынын менчик үйү жок экенин айтышты

Кыргыз мамлекетинде салык кызматкерлеринин 50 пайызынын менчик үйлөрү жок. Маалымат бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан айтылды. Депутаттар салык кызматкерлери өлкөдө жашоо минимуму 6000 сом экенин, салык кызматкерлеринин орточо айлыгы 7000 сомду түзөрүн айтышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.

"Кошумча стимул болбосо кантип иштешет? Фонддон атайын акча албаса, кошумча эмгек акы берилбесе, алар 7 миң сом менен кантип жашашат? Бул мыйзам менен салыкчыларды коррупцияга түртүп жатабыз. "Мамлекеттен колдоо болбойт, өзүңөр иштеп чөнтөгүңөрдү толтургула" деген турабыз",- дейт депутат Иса Өмүркулов.

Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов мыйзам долбоору аркылуу Салык кызматынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фондун республикалык бюджеттин эсебинен салык органдарынын эмгек акы төлөө фондунун 50 пайызы өлчөмүндө түзүү жолдору каралып жатканын айтты. Фондго болжол менен жылына 117 миллион сомго чейин каражат чогулат. Аны пайдалануу тартибин өкмөт аныктаган ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан