Республикада “улуттук” деген статусу бар жогорку окуу жайлардын ректорлоруна талаптар күчөтүлөт. Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 22-февралда тийиштүү мыйзамдын долбоорун карады.
Мыйзам долбоору менен “улуттук” статусу бар ЖОЖдордун ректорлук кызматына болгон шайлоого илимдин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор деген илимий наамы бар адистер гана катыша алышат" деп сунушталууда.
Азыркы учурда мамлекетте “улуттук” статусту алып жүргөн 4 жогорку окуу жайы бар экени айтылды.
Депутат Рыскелди Момбеков: “Эгер ар бир жогорку окуу жайлардын өзгөчөлүгүн эске ала берсек, анда эртең ИИМ академиясы ректор болуш үчүн генерал-майор наамы бар талапкерлер керек деп келсе, Дене тарбия жана спорт академиясы спорттогу жогорку жетишкендиктери бар өкүлдөрдүн талапкерлигин карагыла деп сунуш берсе кантебиз?”- деди жыйында.
Депутат Наталья Никитенко илимий даражаларды аныктоодо эл аралык баалоо параметрлери бар экенин эске салып, илимдин кандидатынын же докторунун деңгээли эл аралык алкакта дагы таанылышы керектигин кошумчалады.