Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында “Тендерлерди, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.
Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова долбоордо тендерлерди, акциондорду электрондук форматта өткөрүү сунушталып жатканын белгилеп, мындай аракет катышуучулардын ортосундагы атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүүгө, коррупциялык тобокелдикти азайтууга жол ачарын айтты.
Депутаттар электрондук форматка өтүүдө деле адамдык фактор жоголуп кетпей турганын белгилешип, сунуштарын айтышты. Долбоордо "соода-сатык" деген сөздүн "тоорук" деп которулушун сындашты. "Бул сөз Эмгек кодексинен алынды. Кодекске муну өз учурунда Мамлекеттик тил комиссиясы киргизиптир",- деди Курманова.