Өлкөдөгү "Таза шайлоо" ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова кызматтан кетти. Маалыматты 24-февралда SUPER.KG порталына аталган уюмдан кабарлашты. Усупбекова ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу отставкага кетүүгө арыз жазганы айтылды. 22-февралда жыйын өтүп, анын талапкерлигин ассоциациянын Директорлор кеңешине бекитүү чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, аталган уюм өлкөдөгү шайлоо процесстеринин ачыктыгын, мыйзамдуулугун камсыздоого көмөктөшүп келет.