Данияр Мукашев Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 24-февралда президенттик аппараттан кабарлашты.
Президенттин башка жарлыктары менен бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду:
Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Ренат Түлөбердиев Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов Вашингтон шаарында резиденциясы менен эки ишти айкаштырып, Кыргыз Республикасынын Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Миргүл Молдоисаева Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.