Министрлик жана мекеме башчыларынын республика аймактарындагы сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бүгүн, 24-февралда Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда "Жеткиликтүү турак жай - 2015-2020" программасы, мектептерге интернет жеткирүү, мектептердин курулушу жана капиталдык оңдоодон өтүшү талкууланганын аталган министрликтен кабарлашты.
Сапардын максаты - аймак жашоочулары, окуучулардын ата-энелери, студенттер менен жолугушуп, билим берүү тармагына карата алардын пикирин угуу.