Депутаттар өкмөттү "каатчылык маалында ири ишканаларды салыктан бошоткону жатат" деп сындашты

Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында өкмөт демилгелеген "Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзам долбоорунда "Электр станциялары" ишканасын салык төлөөдөн бошотуу сунушуна депутат Таабалды Тиллаев каршы пикирин билдирди. "Өлкөбүздө каатчылык күндөн-күнгө күчөп жатса, салык төлөөчү ири ишканаларды, ушул эле "Электр станциялары" ишканасын салыктан бошотуп жатканыңар өкүнтөт. Күн сайын салыктан бошотууну шарттаган мыйзамдарды сунуштаган өкмөттүн позициясын кантип түшүнсөк болот?"- дейт депутат.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору толуктап, кайра иштеп чыгууга жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан