Аскердик кызмат статусу бар органдарга компенсация түрүндө берилген кирешелер киреше салыгынан бошотулууда

Аскердик кызмат статусундагы органдарга азык-түлүк паёгунун ордуна берилген компенсациялар түрүндөгү кирешелер киреше салыгынан бошотулууда. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 24-февралда парламентте каралып, Улуттук гвардиянын кол башчысы Мелис Сатыбалдиев маалымат берди.

Мыйзам долбоору Салык кодексинин 167-беренесине түзөтүү киргизүү менен аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшү жана азык-түлүк паёгунун ордуна берилген компенсациялар түрүндөгү кирешелерден киреше салыгы алынбастыгы каралган.

Талкууда депутаттар киргизилип жаткан түзөтүүлөр Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине да тиешелүү экенин айтышып, мыйзам долбоорун колдоого чакырышты.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан