Кыргыз мамлекетинин жарандары 58 өлкөгө визасыз кире баштайт

Кыргыз мамлекетинин жарандары быйылкы жылдан тарта дүйнөнүн 58 өлкөсүнө визасыз кире баштайт. Маалымат Эл аралык "Henley & Partners" уюмунун рейтингинде көрсөтүлдү. Визалык чектөө индекси боюнча кыргыз өлкөсү 79-орунда турат.

Маалыматка таянсак, рейтинг "Аба транспорту" Эл аралык ассоциациясы менен кызматташуу алкагында түзүлүп, визалык чектөө индекси жылына бир жолу жарыяланат. Тизмеде өлкөлөрдүн орду ошол өлкөлөрдүн жарандары визасын кире алган мамлекеттердин санына карата аныкталат.

Тизменин алдынкы сабына Германия баштаган Европа өлкөлөрү кирди. Ал эми Орусия 48-орунда болсо, Беларусь менен Казакстан 71-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан