Депутаттар мамлекеттик ипотекалык программанын шарттарын мугалимдер аткара албай турганын айтышты

Өкмөт тарабынан иштелип чыккан Мамлекеттик ипотекалык программанын атына заты шайкеш келбей жатат. Муну парламенттин 25-февралдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирип, мисал келтирди. Депутат программанын шарттарын аткарууга көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлердин мүмкүнчүлүгү жок экенин айтууда.

"Мисалы, мугалимдердин эмгек акысы аз. Алар мамлекеттик ипотека боюнча үстөк пайыздарды ай сайын толук төлөй алышпайт. Ошондуктан өкмөт бул программанын шарттарын кайра карап чыгып, кыйла жеңилдетиши керек. Ансыз ипотекалык программа тиешелүү натыйжаларды бербейт",- деди Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан