Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү кендерди иштетүүнүн абалы боюнча маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев 25-февралда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Мамлекет башчы мекеменин азыркы иши, геологиялык-чалгындоо иштерин кеңейтүү, кендерди пайдалануу укугуна лицензия берүү, аукцион жана сынактарды өткөрүү боюнча маалымат укту.

Зилалиев өлкөдөгү ири тоо-кен ишканаларынын, анын ичинде былтыр ишке берилген "Бозумчак", "Талды-Булак-Сол-Жээк" жана "Иштамберди" алтын кендеринин иши тууралуу айтып берди. Өзү жетектеген мекеме пайдалуу кен казууну көбөйтүү үчүн тоо-кен өндүрүшүнүн кубаттуулугун көтөрүү жана сапатын жогорулатуу боюнча жаңы милдеттерди алып жатканын белгиледи.

Президент тоо-кен тармагына инвестицияларды тартуунун маанисин, ошондой эле кендерди пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн өткөрүлүп жаткан сынактардын бардык баскычтарында ачыктыкты арттырып, антикоррупциялык иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан