Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган “Секторду реформалоого келишим – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы боюнча кыргыз мамлекети менен Евробиримдиктин ортосундагы каржылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.
Европа биримдигинин “Секторду реформалоого келишим – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы өлкөнүн секторалдык саясатына жана стратегияларына ылайык натыйжалуу социалдык коргоо системин өнүктүрүүнү колдоо аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.