Өлкөдө онкологиялык ооруларды дарылоо тармагы кыйын абалда

Өлкөдө онкологиялык ооруларды дарылоо тармагы кыйын абалда. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирип, онкологиялык жардам көрсөтүү саламаттыкты сактоо саясатынын негизги багыты экенин айтты.

Министрдин айтымында, онкологиялык дартка чалдыккандардын саны жыл сайын өсүүдө. "2008-жылы ушундай дарт менен ооруган 4283 адам катталса, 2015-жылы 5446 адамга чейин өстү. Онкологиялык ооруларды дарылоонун бирдиктүү каржылоо программасы иштелип чыкты. Андан сырткары жеңилдетилген дары каражатынын тизмеги да кеңейтилди. Тилекке каршы, бул тармак жетиштүү каржыланбай жатат. Заманбап жабдуулар да жетишсиз",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан