Акыркы жылдары белгиленип баштаган Ак калпак күнүн жалпы республика аймактарында белгилөөнү депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында демилгеледи.
“Тарых жана маданият жылында кыргыздын улуттук баш кийими – ак калпакты урматтап-сыйлоону колго алуу зарыл”,- деген депутат мамлекетке Кытайдын синтетикадан тигилген калпактарын киргизүүгө, сатууга тыюу салуу менен өзүбүздүн таза кийизден жасалган калпактарды чыгарууга маани берүү керектигин кошумчалады.
Парламент спикери Асылбек Жээнбеков депутаттын демилгесин колдой турганын билдирди.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары Ак калпак күнүн кыргыз коомчулугу 5-мартта белгилеп келет, бирок эмнеге 5-мартка коюлганы түшүнүксүз. Бул күнү көчөдө калпак кийген жаштар көбөйүп, улуттук баш кийимдин зоболосу кадимкидей көтөрүлө түшөт. Ушуну менен бүтөт...
Негизи, улуттук кийимди даңазалоо үчүн аны сөзсүз бир күнгө байлаш керекпи? Анда ак жоолук күнү, кымыз, чалап, боорсок күнү деп да бир күндү атоо керек болобу? Улуттук кийимди депутат, министр өңдүү чиновниктерден тартып карапайым жарандарга чейин расмий жана күнүмдүк иш-чараларда кийиши керек. Ошондо улуттук кийимге болгон сый жогорулайт. Калпактын баркы бир эле күндүк болуп, аны эч байланышы жок эле бир датага байлоо - кемпайлык.