Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында "Өкмөттүк сааттын" жүрүшүндө өлкөдө энергетикалык ичимдиктерди сатуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Аида Салянова мындай ичимдиктер өлкөнүн аймагында сатылып жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Өкмөт бул маселе боюнча макулдашууну жүргүзүү керектигин айтып, бир жыл бою макулдашып жатат, бирок эч кандай жыйынтыкка келе элек. Батышта энергетикалык ичимдик "өлүмдүн ичимдиги" деп аталат. Бул суусундуктан жаш балдар каза болушат. Өкмөт энергетикалык ичимдиктерди сатууга тезирээк тыюу салышы керек",- деди Салянова.