Төрөлгөн ымыркай 1 айдын ичинде милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек

Жарык дүйнөгө келген ар бир ымыркай 1 айдын ичинде милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек. Муну 25-февралда Кемин райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Айшабүбү Исмаиловага шилтеме берүү менен парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Адистин айтымында, ымыркайларга бериле турган туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ымыркайдын ата-энесинин аты-жөнү так көрсөтүлөт. "Эгерде жалгыз бой эне болсо, анда баланын атасынын тек-жайын көрсөтүү ошол эненин эркиндеги иш. Кааласа баланын атасынын атын күбөлүккө жаздырып, каалабаса күбөлүктөгү атасы деген жерди бош калтырууга акысы бар",- дейт Исмаилова.

Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн убагында алуу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү керектигин айткан адис: “Убагында өздүгүн тактоочу документти албаган балдар бойго жетсе да жарандардын катарында эсепке алынбай келе жатканы ойлондурат. Ошондуктан жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү акча берилип, убагында каттоого алынып турса, өздүк документерин тактоодо тоскоолдуктарга кабылышпайт болчу. Ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн документтерди өз маалында иретке салууга ашыкмак",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан