Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун соту 1-мартка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ал өзү билдирди.
Анын айтымында, соттук иш боюнча төрагалык кылган судья бүгүн Жогорку Сотто өтчү жыйынга катышмакчы. "Мындан улам соттук отурум 1-мартка жылдырылды",- деди Келдибеков.
Айта кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.