Темир Сариев Бишкек мэринин кызматына талапкер көрсөтүү укугунан пайдаланбайт

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек мэринин кызматына талапкер көрсөтүү укугунан пайдаланбайт, анткени бул маселеде шаардык кеңештин депутаттарына жана фракцияларына көбүрөөк мүмкүндүк берүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Өкмөт башчы белгилегендей, Бишкек мэриясы менен шаардык кеңештин ортосунда өз ара түшүнүшүү мамилеси орун алып, калктын бакубаттуулугуна багытталган биргелешкен конструктивдүү иштер жүргүзүлүүдө. Биргелешкен ишти жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоо максатында мэр менен шаардык кеңештин ортосунда конструктивдүү иш алынып барылышы үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү керек.

Темир Сариев ишеним билдиргендей, шаардык кеңештин депутаттары борбордун өнүгүүсү жана калктын бакубат турмушу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр татыктуу талапкерди колдойт.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралга белгиленген. “Борбор шаардын макамы жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, коалициялык фракциялары жана премьер-министр Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ. Мэр шаардык кеңеш депутаттары тарабынан ачык добуш берүү жолу аркылуу шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан