Президент Алмазбек Атамбаев 26-февралда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Жолугушууда ЖККУнун азыркы иштери жана аймактык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыктын багыттары боюнча маселелер талкууланды. "Президент жана уюмдун башкы катчысы эл аралык террорчулукка жана экстремизмге каршы биргелешип каршы туруунун маанилүү маселелерин да талкуулашты",- деп билдиришти президенттик аппараттан.