Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 25-февралда Шанхай Кызматташтык Уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев менен жолугушту.
Жумакадыров аталган кызматка кайра дайындалышы менен Сысоевди куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Кыргыз тарап ШКУнун аталган түзүмү менен кызматташтыкты улантууга даярдыгын айтты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, тараптар Жакынкы Чыгыштагы окуялардын фонунда стратегиялык мааниге ээ болуп бараткан терроризм жана экстремизм менен ШКУнун алкагында күрөшүү жолдорун талкуулашты.