Бишкектин жаңы шайланган мэри Албек Ибраимов президент Алмазбек Атамбаевге болгон мамилесин билдирди. "Мен Алмазбек Шаршенович менен көп жылдар бою иштешкениме сыймыктанам. Анын мага болгон мамилесин турмуш көрсөтөт. Алмазбек Атамбаев менен иштегенге мүмкүнчүлүк бергени үчүн Кудайга ыраазымын",- деди Ибраимов.
Мындан тышкары ал журналисттердин суроолоруна берип жатып, мыйзамды бузбай иштегенин айтты. "Эгер адам буга чейин мыйзам бузган болсо, ал коркуп иштеши мүмкүн. Мен мыйзам бузган эмесмин, жоопкерчиликке тартылган эмесмин",- деп баса белгиледи жаңы мэр.